Калевипоэг

Википедия дан

"Калевипоэг" - эстон элинин улуттук эпосу. Элдик уламыштар менен ырлардын негизинде акын жана коомдук ишмер Ф.Крейцвальд түзгөн жана 1857-1861-жылдары басып чыгарган. Алгач жыйнаган Ф.Р.Фельман(1758-1850). "Калевипоэгдун" немисче котормосу 1861-жылы жарык көргөн. Эпосто эстон калкынын баскынчыларгы каршы күрөшү, мекенди сүйүү, орус эли менен достук мамиледе болуу, прогресске умтулуу идеялары чагылдырылган. Эпос дүйнөнүн бир топ тилдерине которулган.