Калемпир (чөп)
Калемпир (чөп), саадактуу кызыл калемпир, капсикум (Capsicum) — өсүмдүктөрдүн ит жүзүмдөр тукумунун уруусу. Көп жылдык чала бадал же көп жылдык (эгилмеси бир жылдык) чөп. Бир жылдык эгилме түрү — бакча өсүмдүгү. Сабагынын бийиктиги 30— 130 см. Жалбырагы жөнөкөй, гүлү чоң, ак же көгүш. Мөмөсү көңдөй, көп уруктуу, кызыл, кызгылт сары, сары же күрөң түстө, салмагы 0,25—190 г. Калемпир жылуу жана нымдуу жерде жакшы өсөт.13˚Cден төмөнкү температурада. Калемпирди жерге айдаган жакшы. Анын 4 түрү белгилүү: перу калемпири (C. angulosum Mill), колумб калемпири (C. conicum Meyer), ийилме К. (C. Pubescens R/ et P.), мексика калемпири (C. annuum L.). КМШ өлкөлөрүндө мексика калемпири Украина, Кавказ, Түндүк Кавказ, Молдавия, Борбордук Азия республикаларында айдалат. Мексика калемпиринин мөмөсүндө сортуна жараша 4,1 —8,4% кант,1,5%тей белок, 13,9%ке чейин А витамини бар. КМШ өлкөлөрүндө гектарынан 200—300 цден түшүм алынат. Калемпирдин 30дан ашык сорту райондоштурулган. Кеңири таралгандары: тату калемпирдин Новочеркасск 35, Болгар 79, Новогогошары, Молдава 118; ачуу калемпирдин Астрахань 147, Астрахань 628, Алп, Украина ачуусу жана башка Кыргызстанда калемпирдин Болгар 79, Белек, Молдава, Рубин жана башка сорттору көчөтүнөн өстүрүлөт. Мөмөсү тамак-ашка татымал катары пайдаланылат. Аны туздап, консервалап сактайт. Зыянкечтери: кидик үкүчө көпөлөк же помидор үкүчөсү, гозо үкүчөсү, нематода жана башка Илдеттери: чирик, соолуу жана башка.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9