Календардык ыр

Википедия дан

Календардык ыр – даталуу күндөргө (майрам, юбилей, жыйналыш) карата оперативдүү чыгарылган ыр. Ушундай ырларды арбын жазган авторлорду календардык акын деп атоо салты бар. Календардык поэзия деген термин кийинки учурда колдонулуп келген менен мындай ырлар узак тарыхка ээ. Махмуд Кашкарлыктын “Түркий тилдер сөз жыйнагында” (11-к.) эле календардык ыр элементтери учурайт. Нооруз күнүндө, түшүм жыйноодо жана башка учурларда мезгил ырлары ырдалган. Кээде белгилен күндөргө карата илхамы жок эле жаралган ырларын үстөккө-босток чыгара берген акындарды да “календардык акын” деп коюшат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]