Калесай бериллий кени

Википедия дан

Калесай бериллий кени Чүй облусунун Кемин районунда, Кемин т. ж. бекетинен 43 км түндүк-чыгышта, Куттуусай II кенинин карьеринин түштүк-чыгышында, Актүз кыштагынан 1,8 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 2600 м бийиктикте. 1959–68-ж. чалгындалып, запасы эсептелген. Кен ядросу протерозойдун актүз свитасынын гнейстеринен турган актүз антиклиналында жайгашкан, анын протерозой мезгилинин куперлисай свитасынын амфиболдук сланецтер менен түзүлгөн канаттарына Түндүк жана Түштүк деп аталган эки рудалык зона туташ келет. Бериллийлүү минералдашуу абдан жука (ммден 2,5 смге чейин) талаа шпаты-флюорит-фенакит тарамдары менен байланышкан. Сланецтеги тарамдар чогулуп штокверкти түзөт. Түндүк штокверк зонасында 253 руда тарамы бар, штокверктин калыңдыгы 200 м, узундугу 800 м. Түштүк штокверкинин калыңдыгы 200 м, узундугу 1600 м, анда 700 руда тарамы бар экендиги аныкталган. Негизги руда минералы – фенакит, андан башка гетгельвин, гельбертрандит, бавенит, баверит, берилл, миларит минералдары кездешет. Бериллий кычкылынын орточо өлчөмү – 0,127%. Руданын Запасы: С1 – 8035 миң т, С2 – 1210 миң т, бериллий кычкылынын запасы: С1–10170 т, С2–1531 т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]