Калий туздары

Википедия дан

Калий туздары - тунма тоо тектери.

Ал сууда оңой эрүүчү калийлүү жана калий-магнийлүү минералдардан пайда болот. Майдалангандан кийин калий семирткичи катары пайдаланылат. Табигый же чийки деп аталуучу Калий туздарынын составына каинит, карналлит, лангбейнит ж. б. минерал кирет.

Өзбекстан, Казакстан, Украина, Белоруссия ж. б. жерлерден табылган. Составында натрий, магний болгондуктан алар өсүмдүктөр (кызылча, капуста, сабиз, помидор ж. б.) үчүн жакшы азык болот. Алардан хлордуу калий, күкүрттүү кычкыл калий ж. б. бирикмелер алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.