Мазмунга өтүү

Калкабай кызы Толгонай

Википедия дан

Калкабай кызы Толгонай (1882-1986) Чебер жана нускоочу. Жети-Өгүз районунун Шалба айылында төрөлгөн.

Бугу элинен чыккан Тилекмат баатырдын кыздарынан. 104 жашында Тоң районунун Оттук айылында дүйнөдөн кайткан. 19-кылымдын 2-жарымындагы кыргыз элинин салттуу жашоо-тиричиликтерин, шаан шөкөттөрүн даана көрүп, алардын чордонунда жашаган уз кыз-келиндерге таандык көркөм кол өнөрчүлүктүн түрлөрүн түгөлү менен кармаган. Өз чөлкөмүндө ички-сырткы жасалгалоонун сыйкырдуу кооздуктарын нускалаган. Анын алтымыш жылы мурун көтөргөн боз үйү атактуу чебердин кийинки кыз кыркындарына, келин-кезектерине калтырган асемдүү мурасы. Сайган туш кийизи, чырмаган чыгданы небере келини Зарылкан Дүйшакун кызында азыр да көөнөрбөй сакталууда. Анын туш кийизи уюткулуу кыргыз элинин көчмөн турмушун чагылдырат. Мында мал чарбачылыгына байланыштуу көркөм көчөттөр жаратылыштын ажайып көрүнүштөрүнө шайкештенет. «Мүйүз оюму», «ит куйрук оюму», «карга тырмак оюму», «бармак боочу оюму» өсүмдүктөрдүн сабактары, жалбырактары, бутактары менен символикалык катыш жасаган.

Чыгдан чийинде Толгонайдын ой толгоолору берилет. Үч табакчадан ашкана көчөтү көрүнөт. «Омуртка оюму» чок ортодон орун алып, «жарым кыял оюмунда» элдик сырдана «мүйүз оюмунун», «куш оюмунун», «жагалмай канат оюмунун» элементтери тарам-тарам болуп түшөт. Андан Зарылкан шык алат. Ал «Кыял» өнөрканасынын үйдөн уздануучу чебери. Бул уз чий буюмдарына (чыгдан чий, канат чий, эшик чий) сырдана көчөттөрдүн «ала мончок» ак этектеринен Толгонайдын «кыял чабыттарын» берүүдө. Толгонайдын кызы Төлөбүбү уз (Тоң району, Коңур-Өлөң айылы), небереси Аймончок (Кочкор району, Кочкор айылы), чөбөрөлөрү Салкын, Кымбаткүл да анын көркөм дүйнөсүн улантышууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0