Калкка акы төлөнүүчү байланыш

Википедия дан

Калкка акы төлөнүүчү байланыш - кызматтарын көрсөтүүнү да ылдам өнүктүрүү зарыл.

Азыркы убакта республиканын байланыш системасы ишканалардын өз ара байланыштуу түйүндөрүнөн турат, алар комплексинде байланыш кызматынын бардык түрүн көрсөтүү процессин камсыз кылат жана төмөнкүдөй структурага ээ:

  • 1. Улуттук байланыш агентствосу (НАС);
  • 2. «Кыргызтелеком» электр байланышынын мамлекеттик акционердик ишканасы («Кыргызтелеком» аксы);
  • 3. Телекөрсөтүүнүн жана радиоуктуруунун радиорелейлик магистралдарынын республикалык өндүрүштүк бирикмеси (РПО РМТР);
  • 4. «Кыргыз почтасы» мамлекеттик департаменти («Кыргыз почтасы» МД);
  • 5. Мамлекеттик фельдегердик байланыш. Телекоммуникациялар, инфраструктуранын элементи катары, республиканын экономикалык тез өнүгүшүн стимулдаштырууга тийиш; телекоммуникациялык сектор эң кыска мөөнөттө курч атаандаштык кырдаалда жашап кетүүнү камсыз кыла турган, эл аралык телекоммуникациялык чөйрөдө жашаган бекем коммерциялык негизге которулууга тийиш.

Мында төмөнкүдөй милдеттер чечилүүгө тийиш:

  • рынок экономикасынын принциптерин телекоммуникациялар чөйрөсүнө киргизүү, телекоммуникациялар чөйрөсүнүн ишканаларын түз чарбалык башкаруу милдеттерин мамлекеттен алып таштоо, мамлекеттик ресурстарды республиканын экономикасынын башка секторлорунда пайдаланууга бошотуп алуу;
* финансылоонун жаңы булактарын тартуу жолу менен телекоммуникацияга инвестициялардын көлөмүн кескин көбөйтүү аркылуу бул сектордун тез өсүшүн стимулдаштыруу;
  • азыркы технологияларды тез алууга жетишүү;
  • башкаруунун жеке сектор үчүн мүнөздүү методдорун ишке киргизүүнүн эсебинен материалдык-техникалык базаны жана адам ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун, керектөөчүлөрдүн муктаждыктарына жооп кайтара билүү жөндөмдүүлүгүн жана иштеп турушун жакшыртуу

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9