Калматов Сабыт

Википедия дан

Калматов Сабыт 1925-жылы азыркы Сузак районунун Кашка-Терек айылында туулган.

  • Орто мектепти ийгиликтүү аяктап, Кашка-Терек айылындагы мектепте мугалим болуп эмгектенип калат.
  • 1950-жылы Омск шаарындагы милиция окуу жайына тапшырып, 1954-жылы бүтүрүп келип, Сузак районунун Кара- Алма айыл бөлүмүндө участкалык милиционер болуп иштеп баштаган.
  • Андан кийинки жылдары Көк-Арт өрөөнүндө участкалык милиционер болуп иштеп, 1960- жылы үй шартына байланыштуу, Октябрь аймактык ооруканасына кампа башчысы болуп которулат.
  • Ал жерде 1965-жылгачейинэмгектенип, 1976-жылгачейин дүкөңчү, дүкөн башчысы болуп иштеп,
  • 1976-жылдан өмүрүнүн акырына чейин “Дружба” совхозунда жумушчу болуп эмгектенген.
  • Чынчыл, калыс, эмгекти сүйгөн адам болгон.
  • 1981- жылы дүйнөдөн кайткан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3