Калматов Садырбай

Википедия дан

Калматов Садырбай 1953-жылы 1-февралда Сузак районунун Кашка-Терек айылында туулган.

  • 1969-жылы A. С. Макаренко атындагы орто мектептен 8-классты аяктап, ошол эле жылы Ош шаарындагы Совхоз техникумга тапшырып,
  • 1973-жылы ийгиликтүү аяктайт.
  • 1973-жылы Советтик Армиянын катарына кызматка чакырылып, Тынч океан флотунда 3 жыл кызмат кылып келип, эмгек жолун “Дружба” совхозунда бригадир жардамчысы болуп иштеп баштайт.
  • 1977-жылы Ош Политехникалык институтка тапшырып, ошону менен катар Ош областтык Стат башкармалыгынын айыл чарба бөлүмүндө эмгектенет.
  • 1978-2002-жылдары Ош “Саякат жана экскурсия боюнча бюро” ишканасында уюштуруучу, экономист, башкы экономист, башкы бухгалтер, башкы директор болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан.
  • 1990-1995-жылдары, Ош Техникалык Университетинин пландоо- уюштуруучу бөлүмүн аяктаган.
  • Бир канча “Ардак грамота” жана башка сыйлыктар менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3