Калориметр

Википедия дан
Калориметр.

Калориметр (лат. calor – жылуулук жана гр. metrео – өлчөйм).

Физикалык, химиялык жана биологиялык процесстерде бөлүнүп чыккан же сарпталган жылуулук санын өлчөөчү курал. Калориметр 1780-ж. фр. окумуштуулары А.Лавуазье жана П.Лапластар тарабынан сунушталган. Калориметрдин өлчөөсү ар түрдүү. Процесс башталгандан бүткөнгө чейинки бөлүнүп чыккан же сарпталган жылуулук санын өлчөөчү калориметр – интегратор, ал эми процесстин түрдүү стадиясында жылуулук кубаттуулугун жана өзгөрүшүн өлчөөчү калориметр - осциллограф деп аталат. Азыркы Калориметр 0,1ден 3500 К ге чейинки температурада 10-2%ке чейинки тактыкта өлчөйт. Калориметрлер түзүлүшү жана өлчөө ыкмасы боюнча суюктук жана салмактуу (массивдүү) болуп бөлүнүшөт. Суюктук Калориметрлери негизинен эрүү жылуулугун жана химиялык реакциялардын жылуулук санын өлчөө үчүн колдонулат. Салмактуу Калориметр көбүнчө заттардын 523 К температурага чейинки учурундагы энтальпиясын аныктоо үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]