Калпа

Википедия дан

Калпа (арабча «халифа» — орун басар, жардамчы) — 1) Октябрь революциясына чейин Орто Азияда, анын ичинен Кыргызстандын аймактарында кеңири тараган сопулар жамааттарынын өкүлү. «Халифа» термини кыргыз тилинин лексикалык өзгөчөлүгүнө ылайык «калпа» болуп трансформацияланган түрдө кирген жана эшендин жолун жолдоочу, ишин улантуучу дин адамын билдирген. Калпа инту кыргыздын коомдук-саясий турмушунда мамлекеттик деңгээлдеги саясий же диний бийликке ээ болгон эмес. Калпалар диний үгүт жүргүзүшкөн; 2) медресе окуучуларын көзөмөлдөөчү, к. Халиф.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия:4 -том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. ISBN 978-9967-14-104-9