Калпактуу козу карындар

Википедия дан
Agaricus campestris.

Калпактуу козу карындар (Agaricales) - көбүнчө базидиомицеттердин агарикалар катарын түзүшөт. Мөмө денеси жумшак, бир жылдык, калпактан жана дүмүрдөн турат. Аз санда кемирчектүү же эттүү консистенцияда жана каптал дүмүрлүү. Дүмүрсүз (сапчасыз) мөмө денелүү түрлөрү да бар, алар – кадимки вешенкалар (Pleurotus ostrestus). Калпактын асты жагында пластинкалуу гименофор радиалдык абалда жайгашкан. Болетустар уруусунда (Boletaceae) гименофор түтүк түрүндө. Негизги тамак катарында колдонулуучу көп таркалган калпактуу козу карындар - шампиньон (Agaricus), ак козу карын (Boletus edulis), кайың астындагы козу карын (Leccinum scabrum), масленок (Suillus), моховик (Xerocomus) жана башка

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]