Калпак

Википедия дан
Калпак жөнүндө уламыштар‎»‎ барагынан багытталды)
Кыргыз калпагы почта маркасында
Манасчы

Калпак - кыргыздын улуттук эркек баш кийими. Көбүнчө ак кийизден жасалгандыктан, ак калпак деп аталат. Ал алгач агыш (боз) кызгылт түстөгү кылчык, кийин ак уяң жүндөн жасалган. Бышык басылгын кийизден төбөсү бийик, этеги тегерек бычылып, оймо-чийме түшүрүлбөй, төбөсүнө чок чыгарылбай, астарсыз, бир гана тигиш менен бириктирилип, ошол жери маңдай жагы деген. Бара-бара бычымы менен формасы өркүндөтүлүп, көркөмдөлө баштаган. Калпак – бул кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эң ыйыгы. Анын касиетин аны кийип жүргөндөр сезе алышат. Бул байыркы баш кийимди кийген адам илгерки бабаларынын тарыхына тамырлашып, калайык калкынын тагдырына бекем байланат. Калпак - кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү. Ата-бабадан кастарланып келе жаткан асыл мүлк. Кыргыз эли эл болуп тузүлгөндөн бери жашоонун, улуулуктун, тазалыктын, улуу күндүн символу, ыйык белгиси катары кастарлап, сүр тутуп, сөөлөт санап, көрк катары маанилүү шаң -салтанатка кийип жүргөндүгү жалпы дүйнө элине белгилүү. Кыргыз өмүрү 40- 35 кылымга созулса, кыргыз калпагынын өмүрү да дал ошондой, узак уламалуу санжыра.

Калпак жөнүндөгү элдик макалдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калпакчанды өлтүрүүгө болбойт..
Калпакты жерге койбо..
Калпагыңды жоготсоң, башыңды жоготосуң..
Калпагыңды сатсаң, акылыңды сатасың.
Калпакчан жүрсөң оорубайсың; калпак кышкысын жылытат да, жайкысын сергитет.
Түнкүсүн калпагың ар дайым бут жагыңда эмес, баш жагыңда болсун.

Калпак жасоо ыкмасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калпакты ак кийизден жасайт. Формасы да ар урууду ар башкача жасалган. Калпактын кийизине уяң ак жүндү жууп-тазалап, тытып, андан соң гана пайдаланган. Кийиз даяр болгондон кийин көркөмдөлүп бычылып, кийин кыркылып алынат. Бычымдарды бири-бирине беттеп тиккен. Оюлуп алынган кийиздин кырларын ак, кара, көк, жашыл тукабадан, чийбаркыттан, сатинден, макмалдан, баркыттан, кыжымдан кыюу коюп тигип чыккан. Калпактын кырына коюлган түстүү кыюулар адамдын жаш өзгөчөлүгүнө болгон: Балдардын калпагынын кыюусу кызыл, жашыл кездемеден; Жигиттердин калпагынын кыюусу – көк кездемеден; Азаматтардын, орто жашка чейинкилердин калпагынын кыюусу – күрөң, кара кездемеден; улгайып калган карыялардын, аксакалдардын калпагынын кыюусу – ак же ала кездемеден жасалган. Кийинчерээк калпактын турдүү формасы бычылып, бооруна оймо, түр салынып, өзгөчө кооздоп тигиле баштады. Азыркы күндө калпакты синтепондон да жасашат. Бул материалдан жасалган калпактын баасы кийизден жасалган калпакка салыштырмалуу бир топ арзан. Бирок сапаты жана пайдалуугу жагынан табигый жүндөн жасалган калпакка жетпейт.

Кыргыз калпагынын символикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

А) Калпактын төбөсүндөгү кайчы сызык (кошуу формасындагы ):
1. Күндүн аян белгиси.
2. Өмүрдүн, тиричиликтин, жалпы жашоонун символу.
Б) Төбөсүндөгү топ чачы:
1. Тукумдун, тамыры тереңге жайылуунун аян белгиси.
2. Тынчтыктын, жаркын турмуштун, токпейил жашоонун символу.
3. Күлгун жаштыктын, оттуу курактын аян белгиси.
Ал эми калпактын төбөсүн басып же түшүрүп кийүүнүн тарыхы уламышка барып такалат. Чынгыз хандын тун уулу Жөчүнүн аскерлеринин өзөгүнкыргыздар түзгөн. Жөчү да кыргызга таянып, атасынын айрым буйруктарынан баш тарткан. Согушта дайыма чон чабуулдун учунда, алгы сапта болгон. Ошол себептүү Жөчү ар дайым женишке жетишип турган. Жеңишке текеберсинген Жөчү каяша айта баштаганда Чыңгыз хандын жашыруун буйругу менен Жөчү хан кан чыгарылбай өлтүрүлгөн. Жөчүнун оң колу болуп турган кыргыз жоокерлери туш тарапка тараган. Чыңгыз хан бул баш тартууну угуп, бүтүндөй кыргыздарды чаап талкалап, тирүүсүнө салык салып басынткан. Менден бир белги болуп калсын деген Чыңгыз хандын буйругу менен анын жоокерлери кыргыздардын калпагынын төбөсүн басып, ичине капшыртып койгон: Дал ошондон бери кыргыз калпагынын төбөсүн түшүрүп, ичине капшырып, басып кийип калган делет.
Төбөсү түшкөн белги:
1. Баш көтөрөөр эр бүлө үйдө жок калды. Кимдин бийлиги күчтүү болсо, ошонун үйүтүндө, үйрүсүндө болом деген аян белги.
Элдеги “Төбөңдөн ургур!”, “Төбөң түшүп калгыр!”, “Төбөң түшкүр!”, “Төбөң түшкүрдүкү” – деген сыяктуу каргыш сөздөр да ошондон калган.
2. Калпактын оң кыргагын басып кийсе (төмөн түшүрүп же шыпырып) аялынан (эгер эркек үй бүлөлүү жан болсо), ата- энеден, зор дөөлөттөрдөн айрылуу белгиси, аяны деп эсептелген.
3. Калпактын сол ныптасы көтөрүлбөй төмөн шыпырылып (оң кыргагы төмөн каралып жапырылса) өтө күчтүү аза күтүү аян белгиси. Анда айылдын, элдин куттуу баатырынан тектүүсүнөн, кадырман аксакалынан айрылып, аза күтүү аян белгиси.
4. Калпактын төбөсүн түшүрүп, эки кырын тең терең жапырып (шыпырып) кийсе: “Мен кулак кести кул катары жүрөмүн. Артымдан издеп алаар каруу – күч калбады”, деп жедеп, тукулжурап, мүңкүрөп, мөгдөп калуунун белгиси.
5. Калпактын кыры менен кырбуусундагы манат, баркыт, чый баркыт сыяктуу кездемелердин кара, көк, кызыл, күрөң түсү жаш өзгөчөлүгүн билдирсе, көбөөлөнгөн кыргактын өзү - таяныч, өбөк, жөлөк колдоонун ыйык символу.

Калпак жөнүндө уламыштар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биздин эранын 5-кылымдарында Алтайдан тартып, Грек, Рим мамлекеттерин багындырган Атилла (Бизде Адил) баатырдын жоокерлери бүтүндөй ак калпакчан жүргөндүгүн тарыхый булактардан көрөбүз. Анын далилдүү күбөсү катары 15-кылымда жарык көргөн Француз энциклопедиясында Атилланын атчан чабуул коюп бара жаткан калпакчан жоокерлеринин сүрөтү бар.

Калпак тууралуу дагы бир маалымат Искендер Зулхайнайын (Александр Македонский) жөнүндөгү уламышта кездешет. Күндөрдүн бир күнүндө түн ичинде Искендер Зулхарнайын жаткан чатырга эки жоокер кыз келип, күзөтчүсүнө кош миздүү бир кылыч, бир калпак жана адамдын куу мүсөн баш сөөгүн тапшырат. "Тан агарганча бизге жообун бергиле", деп талап коюшат. Ошондо Искендер Зулхарнайын өзүнүн акылгөй аярларын чакырып бул эмненин жышааны экендигин чечкиле дейт. Аярларынан жөндүү жооп болбогон соң, кыздарды алдырып,оң тарабына отурган аярларынын биринен суратат: ”Айткылачы, силер кайсы элденсинер? Мобуреки алып келген куу баш, калпак, кылычтын мааниси эмнени туюнтат? Өзүңөр чечмелеп бергиле”, деп аларга жайдары жүз көрсөтөт. Эл кыйырын сактап, ат жалында шамал менен жарышып өскөн жоокер кыздар Искендерди теше тиктеп, түз качыра жообун айтат: ”Биз кыргыз деген элденбиз, ушул улуу тоону мекендеп өмүр кечиребиз. Бизге катылган душмандын башы, алдагы куу мүсөн баштай алынып, ач бел, куу жондо куурап жок болот, бу куу башты мобуреки кош миздүү кылыч алган, ал эми бул баш кийим – Кыргыз калпагы. Анын төбөсүндөгү кайчылашкан кош сызык – Күндүн аян белгиси, кыргыз урпагы күндүн тукуму болуп саналат. Биз күндөн тараганбыз. Жүйөө билген кас- душман ыкка көнсө биз күн нурундай мээрим төгөбүз, жок, кыл чайнашып, бет буруп жоолашам деген душманга биздин эл бул кош миздүү кылычтай чабылат. Калпак биздин кыргыз ажобуздун сүр- сөөлөтү, сыймыгы, абийири, кадыр сыйы, душманына сес берээр опол тоодой олбур сүрү, биздин силерге алып келген жышааныбыз ушул! Буга эмне деп жооп айтасыңар?”

Сөзгө кулак төшөп турган Искендер Зулхарнайын башын силке отурган акылгөйлөрүнө карады. Акылгөйлөрү кыздарга жооп таппай отуруп калышты. Күзөтчүлөр жоокер кыздарды сыртка алып чыгып кетти. Көп өтпөй Искендердин бир жигити жоокер кыздарга калпак менен кылычты алып келип берди дагы: “Ажоңорго айта баргыла, ойлонууга азыраак убакыт берсин, үч төбөлүк бурсаттан соң жообун айтабыз”, - деп кыздарды узатып койду.

Көп өтпөй Искендер Зулхарнайын өз черүүлөрүн түн жамына көчүрүп, Чүй аймагынан чыгып кетти. Ошол күндөн биякка кыргыз калпагынын өмүрнаамасы, анын кадыр-сыйы, сүр сөөлөтү мурдагыдан да артты.