Мазмунга өтүү

Калчабаева Бурул

Википедия — ачык энциклопедия
Бурул Калчабаева
Туулган датасы:

1951 жыл(1951)

Туулган жери:

Төрт-Күл айылы, Тоң району, Ысык-Көл облусу, Кыргызстан

Ишмердүүлүгү:

драматургия

Чыгармаларынын тилдери:

кыргыз тили

Дебют:

«Күкүк жазында чакырат»

Бааланганы:

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2019)

Калчабаева Бурулдраматург. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2019).

Бурул Калчабаева Тоң районунун Төрт-Күл айылында 1951-жылы туулган.

1968-жылы орто мектепти аяктаган.

1979-жылы КМУнун филология факультетин, 1989–1991-жылдары Москва Адабият институтунун Жогорку адабият курсун бүтүргөн.

Чыгармачылыгы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Б.Калчабаеванын «Күкүк жазында чакырат» деген биринчи пьесасы 1975-жылы «Кыргызстан маданияты» гезитинде жарыяланган. Анын пьесалары Кыргызстандын облустук жана райондук театрлардын сахналарында жана, Казакстанда коюлган.

  • Толкундар тереңге кетет. – Нарын облустук театры (1978);
  • Мен сүйгөн обон. – Ысык-Көл драма театры (1986), Чүй облустук театры (1997);
  • Кыз күйөө (1991), Аянанат (1990). – Казакстандын Талдыкоргон облустук театры;
  • Арман, Таштабай тентек. – Кыргыз Улуттук драма театры (2000);
  • Аян. – Кыргыз Улуттук драма театры (2001).

Котормочулугу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал Г.Нахуцришвили, В.Володина, Д.Киносито, А.Дурдыева, Дж.Кийи, Т.Ибраимов, Т.Абдыгуловдордун пьесаларын которгон.