Калыгулдун масел- санаттары

Википедия дан

Калыгулдун масел-санаттары
(үзүндү)
Кызаргандын баарысы,
Манат болот турбайбы.
Кылган иштин баарысы,
Адат болот турбайбы.
Ирмегендин баарысы,
Канат болот турбайбы.
Улук сөздөн ырды айтам,
Ар санаттан бирге айтам.
Кер килең болбой кар кетпейт,
Капсалаң болбой жут болбойт.
Кара өзгөй болбой дос болбойт,
Шагылы болбой зоо болбойт.
Шайыры болбой эл болбойт,
Бейли жакшы кем болбойт.
Этекти кессең кең болбойт,
Эзелки душман эл болбойт.
Желкени кессең тон болбойт,
Жеткилең бийик жол болбойт.
Жеке тамчы сел болбойт,
Жээн тагага эл болбойт.
Ыргыйдан катуу иш болбойт,
Кебектен ширин аш болбойт.
Тууганың душман болгондо,
Мындан кыйын иш болбойт.
Арык койдун терисин,
Алты ашатсаң ий болбойт.
Атадан жаман тууганды,
Ак кийизге салдырып,
Көтөргөн менен бий болбойт.
Кум жыйылса тоо болбойт,
Тоо болсо да ошонуң,
Куш айланган зоо болбойт.

КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР: Калыгул. Казыбек. Казалдар.