Кальциферол

Википедия дан
Витамин Д3.

Кальциферолвитамини) организмде минералдык зат алмашууга, сөөк пайда болууга катышат, кальций менен фосфордун санын жөнгө салат, туздарды сиңирүүгө, алардын сөөк тканына чогулуусуна катышат. Д витамини өспүрүм балдарга, боюнда бар жана бала эмизген аялдарга өтө көп керек. Бала организминде Д витамини жетишпесе итий пайда болот. Негизинен Д витамини ультракызгылт көк нурлардын таасиринен кишинин терисиндеги провитаминден пайда болуп, андан башка органдарга өтүп, негизинен боор жана кан плазмасында чогулат. Д витамини тунец, треска жана башка балыктардын боорунда өтө көп, сары май жана жумуртканын сарысы, балык майында азыраак. Башка жаныбар тектүү продуктуларда Д абдан аз, өсүмдүк тектүү азыктарда болбойт.

Д витаминин чоң кишилер аз талап кылат, бирок ал күндүзгү жарык жетишпегенде (жер астында иштөө, түндүктө жашагандар жана башка) көбүрөөк керек болот. Кышында Д витамининин организминде пайда болушун кварц менен кактап күчөтсө болот. Д витамининин жетишсиздигин алдын алууда кичинекей жана эмчектеги балдарга көп учурда витамин препарат түрүндө берилет. Бирок аны врачтын көзөмөлүндө гана бериш керек, себеби ашык өлчөмдө берүү кабылдоолорго алып келиши мүмкүн (к. Гипервитаминоз). Майда эрүүчү витамин.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4