Камагуэши

Википедия дан
Камагуэши.

КамагуэшиКубадагы шаар. Камагуэй провинциясынын административдик борбору. Атибонико дарыясынын өрөөнүндө, Гаванадан түштүк-чыгышта жайгашкан. Калкы 309,5 миң (2008); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 3-шаар (Гавана, Сантьяго-де-Кубадан кийин). Эл аралык аэропорту бар.

1514-жылы Кубанын губернатору Веласкес де Куэльяр тарабынан негизделген. 1817-жылдан шаар статусуна ээ. 1903жылдан азыркыдай аталат. Чиркөөлөр, ак сарайлар, театрлар, бир нече ири аянттар сакталган. Илимий-изилдөө мекемелер (анын ичинен информатика жана технология башкармалыгы), айлана-чөйрөнү изилдөө борборлору, университет, китепкана, архив, край таануу музейи, сүрөт галереясы бар. Шаардын өнөр жай ишканалары негизинен айыл чарба продуктуларын белендөөгө адистешкен. Сүт өндүрүү боюнча өлкөдө алдыңкы орунду ээлейт (жылына 70 млн л). Пиво жана суусундуктарды куюу өндүрүшү (Кубадагы эң ири), курулуш материалдар, минералдык жер семирткичтер жана резинадан буюм жасоочу өнөр жай ишканалары иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]