Камал Султанов

Википедия дан

Султанов Камал (1911-жылы азыркы Ленин району, Чоң-Багыш кыштагында төрөлгөн - ?) - пахтачы, Социялистик Эмгектин Баатыры (1971). Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1976), Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Ленин районундагы «Коммунизм» колхозунда 1941-жылдан пахтачы. 1959-жылдан бригаданын бригадири. Анын бригадасы 1976-ж. 75 га гектарынан 55,8 цден, 1977-ж. 57 цден пахта жыйнаган.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Социялистик Эмгектин Баатыры,Эки Ленин ордени, Октябрь Революциясы, 3-даражадагы Эмгек дацкы ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.