Камбар уулу Чалик

Википедия дан

Чалик - кырк чоронун бири. Камбардын уулу. С. Орозбаковдо Манас эпосунун негизги өзөктүү окуяларынын барында катышат. Чалик жалпы элдик мүдөөнү көздөгөн,ата-журтту жат душмандардан коргоо күрөшүнө катышкан баатыр чоролордун бири. Ал "Камбар уулу Чалиги,кармашаар жоого каныгы" деп сүрөттөлөт. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда ат чаап, жар тандоодо аты он биринчи келип, тагдырына буюрган Санамканга үйлөнөт.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Манас Энциклопедия. Бишкек, 2005