Кампинас

Википедия дан
Кампинас.

КампинасБразилиянын түштүк-чыгышындагы шаар. Деңиз деңгээлинен 685 м бийикте, тайпак тоонун дөбө-дөңсөлүү батыш капталында жайгашкан. Калкы 1,1 млн (2008); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 3-шаар (Сан-Паулу, Гуарульюсатан кийин). Эл аралык аэропорту бар. Региондук жолдор тоому.

1744-жылы негизделген. 1842жылдан азыркыдай аталып, шаар статусуна ээ. Кафедралуу Кудай эне собору (1807—83), т. ж. вокзалынын эски имараты (1868—1920) сакталган. Көп тармактуу ири өнөр жай борбору (дүйнөдөгү эң ири 500 корпорациянын 70ке жакын филиалы ушул шаарда жайгашкан; анда 100 миңге жакын адам эмгектенет). Машина куруу (IBM, «Motorola», «Freescale», «Samsung», «Bosch», «General Motors», «Daimler», «Honda» жана башка корпорациялар), металл иштетүү, хим., текстиль өнөр жай ишканалары иштейт. Институттар (Агрономия, Тамактануу технологиясы), «Эльдорадо» ИИИ, 2 ун-т, обсерватория, музейлер, театрлар бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]