Камчыбеков Равшанбек
Көрүнүш
Камчыбеков Равшанбек (1947-ж.т., Ала-Бука району, Ак-Коргон айылы) - коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (1987; 1993).
Кыргыз айыл чарба институтун бүткөн (1970).
- 1970-76-жылдары Ала-Бука ХРСунун мастери, прорабы жана башкы инженери,
- 1976-77-жылдары Ала-Бука райондук комитетинде инструктор,
- 1977-1980-жылдары Ош облустук партиялык комитетинин айыл чарба бөлүмүнүн инструктору,
- 1980-85-жылдары Сузак райондук партиялык комитетинин 2-катчысы,
- 1985-86-жылдары «Ошмелводстрой» трестинде башкаруучу,
- 1986-87-жылдары Кыргызстан КП БКнын агрардык бөлүмүнүн башчысынын орун басары,
- 1987-91-жылдары Ноокен райкомунун биринчи катчысы,
- 1991-92-жылдары Жалал-Абад облусунун уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары,
- 1992-94-жылдары Ала-Бука районунун “Ак-Там” совхозунун директору,
- 1992-94-жылдары Баткен,
- 1994-96-жылдары Чаткал районунун,
- 1996-97-жылдары Сузак районунун акими,
- 1997-2008-жылдары Жалал-Абад суу чарба башкармасынын башчысы,
- 2008-10-жылдары Суу чарба департаментинин генералдык директору,
- 2010-12-жылдары Айыл чарба министринин кеңешчиси болуп иштеген.
- 2013-жылдан Жалал-Абад бассейнинин суу чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6