Каналдуу реактор

Википедия дан

Каналдуу реактор - араларындагы мейкиндикке нейтрондорду жайланткыч толтурулган айрым каналдардын системасынан турган ядролук реактор.

Ядролук отундар ар бир каналдын ичине жайгаштырылат жана түтүк аркылуу берилүүчү жылуулук ташыгыч менен муздатылат. Жылуулук ташыгыч менен жайланткычтын айрым- айрым бөлүнүп коюлушу нейтрондун абдан тең абалда болушун жана активдүү зонада жылуулуктун кеп алынышын камсыз кылат. Бул үчүн жайланткыч менен жылуулук ташыгычты жакшылап тандап алуу керек. Жайланткыч катары графит жана жылуулук ташыгыч болуп кадимки суу алынган Каналдуу реактор кеңири таралган. Мындай Каналдуу реактордо иштеп жаткан реакторду токтотпостон атайын машина аркылуу ядролук отунду берип турууга болот.

Мунун өзү энергетикалык установканын экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртып, керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.