Кандеев көтөрүлүшү (1861)

Википедия дан

Кандеев көтөрүлүшү (1861)Пенза жана Тамбов губларындагы дыйкандардын 1861-жылдагы реформага каршы 1861-ж. 1-апрелде чыккан көтөрүлүшү.

Кандеев көтөрүлүшү Высокий кышында башталып, Пенза губерниясындагы Кандеев жана Черногай кыш. анын борборуна айланган. Көтөрүлүштү отставкадагы солдаттар (Гаврила Стрельцов, Антон Тихонов ж. б.), дыйкан Леонтий Егорцев жетектеген. Көтөрүлүшчүлөр «Бардык жер биздики!», «Оброк берүүнү, помещиктерге иштөөнү каалабайбыз!» деп жарыялашкан.

18-апрелде Кандеев кыштагына келген падыша аскери куралсыз 10 миң дыйканга ок аткан.

Кагылышта 19 адам өлгөн, 174 адам камалып, алардын 114ү сүргүнгө айдалган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.