Пенза

Википедия дан
Пенза (театр).

ПензаРоссия Федерациясындагы шаар. Пенза облусунун административдик, экономикалык жана маданий борбору. Сура дарыясынын өйүзбүйүзүндө, 7 дөбөдө жайгашкан. Калкы 520,0 миң (2010). Темир жол түйүнү. Аэропорту бар. Машина куруу, металл иштетүү [ири ишканалары: «Пензхиммаш» (нефть, газ жана химия өнөр-жайы үчүн), «Пензтяжпромарматура», «Пензмаш», «Пензтекстильмаш», «Биосинтез», «Маяк» Karas комбинаты жана «Электромеханика» ААКтары)], велосипед, компрессор, радио жана саат заводдору, тамак-аш (кант, ун-акшак), электр энергетика өнөр-жай ишканалары, тиричилик техникалары өндүрүшү, медициналык препараттар заводу, пианино фабрикакасы иштейт. Шаар аркылуу «Урал» (Москва – Челябинск) федерациялык автомобиль жолу өтөт. Он эки Жогорку окуу жайлары (анын ичинде Пенза университети), китепканалар (анын ичиндеазиздер үчүн), 2 театр (куурчак ж. б.), музейлер (край таануу, эл чыгармачылыгы), К. А. Савицкий атындагы сүрөт галерея, филармония, цирк бар.

Шаар чеп катары 1663-ж. негизделген. Барокко стилиндеги коңгуроолуу Петропавловский (18-кылым), Спас-Преображение кафедралуу (ампир, 18–19-кылымдар) соборлору, чиркөөлөр, монастырлар, мечит, синагога сакталган. Ботан. бак уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]