Канигут үңкүрү

Википедия дан
Канигут үңкүрү.

Канигут үңкүрү (жергиликтүү аталышы – Зауккур) – Баткен районун аймагындагы үңкүр, тарыхый рудник, табият эстелиги Сарытоонун чыгыш четинде, Самаркандык кыштагынан 18 км батыш тарапта жайгашкан Кыргызстандагы эң ири үңкүр. Үңкүрдүн аныкталган жалпы узундугу 3000мден ашык. Девон менен карбондун гипстүү акиташ тектеринде пайда болгон. Катмар аралыгынын жикке ажыроосунан жана рудалуу карст процессинин активдешүүсүнөн, ошондой эле илгери руданы иргеп алуудан пайда болгон үңкүрлөр системасынан турат. Үңкүр жергиликтүү элге байыртадан белгилүү.

Андан 9–10-кылымга таандык чырактар жана карапа идиштин сыныктары табылган; ал жөнүндөгү алгачкы эскерүүлөр Ибн-Синага (10–11-к.) таандык 1896-ж. Н. Г. Малицкий, М. С. Андреев жетектеген экспедиция, 1920-ж. М. Г. Попов изилдеген. 1930–40-ж. полиметалл кендери казылып алына баштап, кийин кайра жабылган. Үңкүрдүн археологиялык тарыхый жана спелеологиялык изилдөөлөр үчүн мааниси зор. Жарганаттардын колониясы (ири такатумшук, далдаң кулак, тик кулак жана бухара жарганаттары), чүткөр мекендейт 1975-жылдан тартып геолгия заказник.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелерден пайдаланып репост жаздым Ботогазиев Абдирасул