Каниметов Абдылда

Википедия дан

КАНИМЕТОВ Абдылда Каниметович – (18. 08. 1928, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Шалбаа (азыркы Тилекмат)айылы – 28. 11. 1999, Бишкек) – тарых илимдеринин доктору, профессор (1968). 1950-ж. Москва мамлекеттик университетин (ММУ) бүтүрүп, 1950–55-ж. Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын (УИА) Тарых институтунда илимий кызматкер, 1955–59-ж. Кыргызстан КП БКнын алдындагы партиялык мектепте окутуучу, кафедра башчы, директордун орун басары, 1959–61-ж. Кыргызстан КП БКнын мектеп жана жогорку окуу жай бөлүмүнүн башчысы. 1961–62-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советине караштуу жогорку жана атайы орто билим берүү боюнча комитеттин төрагасы. 1962–77-ж. Кыргыз ССРнин элге билим берүү министри. 1977–88-ж. Кыргызстан ИА Тарых институтунда директор, 1989-жылдан ошол эле институттун жетектөөчү илимий кызматкери. Каниметов Абдылданын илимий эмгектери Кыргызстандын маданий курулушуна, элге билим берүү жана Интергельпонун тарыхына арналган. Ал 200дөй илимий макала, анын ичинен 40ка жакын монография, окуу китептеринин автору. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1962–79). Үч Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери, ж. б. медалдар менен сыйланган. Ысымы Бишкек шаарындагы №1 мектеп-интернатына ыйгарылган.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каниметов А. К., Маречек Р. П., Мужиков И. П. Чехословакиялык «Интергельпо» кооперативинин тарыхы. Ф., 1958;
  • Каниметов А. К. Народное образование Советской Киргизии за полвека. Ф. 1972;
  • Каниметов А. К. Наш друг Ю. Фучик. Ф. 1973