Канчайым

Википедия дан

Канчайым (канайым, кунчуйум) - каныша. Gunchui - каныша, каныш кыз. Кун-чуйумдар (каныш кыздар, канышалар) кагандар тегинен (кагандар династиясы) чыгышкан.

Gunchui - кытайча Gung-chu - «каныша» маанисин туюнтат. Улуг Кем (Тува, Енисейдин куймасы) суусунун жанынан табылган, кыргыздын Эл Туган Тутук аттуу аймак башчысына, мамлекеттик ишмерине багышталып тургузулган жазуу эстелигинде: «...Элим (өлкөм, мамлекетим), канышам (эстеликте, байыркы кыргыз тилинде - кунчуйум), уулум, журтум сиздерден алтымыш жаш курагымда айрылдым...» - деген маалымат бар.

Уйук-Туран (Тува) суусунун жанынан табылган, тархан Үчүн Күлүк Тирикке багышталган кыргыз жазуу эстелигинде: «...Өргөөдөгү канышама (кунчуйум), уулума бөкбөдүм (жетпедим?), алтын кемер тагындым, теңир жараткан элиме тойбодум..., ...өлкөмдүн тагдырына туура келдим...» - деп жазьшат. Кызыктуусу, эстеликтердин бир катарында текст «канчайымдан айрылдым» деп башталат. Мис., кыргыз аскер башчысы (сангуну) Ток Бөгүгө арналган эстелик: «Өргөөдөгү канышам (кунчуйум, аттигиниң, өз уулум сиздерден айрылдым. ...Каныма (каганыма), элиме - тойбодум (кызмат отой албадым). ...Калың журтум кайраттангын, эл (өлкө) заңын (мыйзамын) бузбагыла...» - деген мазмунда жазылган (Орхон-Енисей тексттери, 1982, 154). Ча-Холдогу (Тува) эстелик да ушундай мазмунда жазылган.

Жогорудагы маалыматтардан Чур Күч Барс, Ток Бөгү, Эл Туган Тутук, Күлүк Тирик, Жарук Тегин (Ча-Хол, 1-эстелик), АтаУруңу (ЧаХол, 2-эстелик), Чур (Чор) (Ча-Хол, 5-эстелик), Ынаң Уграч (Ча-Хол, 10-эстелик) ж.б. мамлекеттик жогорку чиндеги адамдар (аскердик-административдик) гана эмес, кагандардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн күйөө балдары болгондугун байкоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8