Каныкей тоосу

Википедия дан

Каныкей

Каныкей жайлоосу - Чавай (Чаувай) тоолорундагы жайлоонун жана тоо башындагы түздүктүн аты.

Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан.

Аскалуу тоонун кучагындагы эл кончу журтту жана анын тегерегин, ошол тоонун башындагы түзөңдү да чавайчылар Каныкей деп аташат.

Каныкейдин ылдый жагында Курмушу, Кызыл Горум(Корум) деген конуш журттар бар. Каныкейден ары кетсеңиз Деңилчек(Эңилчек), бир аз ылдый кетсеңиз Ак Жар, Кожом Пааша, Үч Эмчек, Кайнар Булак деген жайлоолорго барасыз.