Мазмунга өтүү

Кан-Жайлоо мөңгүсү

Википедия дан

Кан-Жайлоо мөңгүсүБорбордук Теңир-Тоодогу бутактанган өрөөн тибиндеги мөңгү. Сары-Жаз суусунун алабында. Эңилчек кырка тоосунун ортоңку бөлүгүндө, анын Түндүк айрыгынын араларында жайгашкан. Узундугу 13 км, аянты 32,5 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5257 м, этеги 3150 м бийикте. Кар чегинин бийиктиги 4200 м. Мөңгү мезгил-мезгили менен тартылып, кайра ордуна келип турат. Андан Эңилчек суусунун сол куймасы Ат-Жайлоо суусу башталат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]