Кан куюлуу

Википедия дан

Кан куюлуу - дененин ткань, орган жана ич көңдөйүнө кандын чогулушу.

Кан куюлуу кан тамыр жабыркаганда, кандын уюшу бузулганда болуучу ички кан агуунун кесепетинен болот. Кан куюлуу кырсыкка учураганда, оору процессинде (мисалы, атеросклероздо) жабыркаган кан тамырлар айрылганда, кан тамырлардын өткөргүчтүгү жогорулаганда байкалат. Кан куюлган жердеги кан тканга сиңип же ал жерге чогулуп, тканды кысат жана гематома пайда болот. Ашыкча кан ткандарды сезгентет, аларды кан менен камсыз кылуучу майда кан тамырларды, сезгич нерв учтарын кысып оорутат. Кан куюлуунун организм үчүн коркунучтуулугу анын жайгашкан ордуна байланыштуу. Мисалы, булчуңга, муун көңдөйүнө жана башкаларга абдан көп Кан куюлууга караганда мээге кичине эле Кан куюлуу өтө коркунучтуу. Дарылоо кан куюлган жерге, мүнөзүнө, себебине жараша жүргүзүлөт (к. Гематома, Инсульт, Кокустатуу). Ич көңдөйүнө өтө көп Кан куюлууда кан жоготуу коркунучу туулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8