Кан тартуу

Википедия дан

Кан тартуу — достошом деп келгенге ызат көрсөтүү менен алдына ашкан күлүк ат, кымкап тон, мыкты жоо-жарак тартуулоо салты. К. т.Сагымбай Орозбаковдун вариантында кеңири сүрөттөлүп, Алмамбет Манаска келгендеАккулабаш болгон тогуз күлүк, Аккүбө тон, Аккелте мылтык, Сырнайза, Ачалбарс кылыч тартуу кылып тосуп алышат. Ошондо акылга дыйкан Алмамбет айкөл адамга кез келгенине ыраазы болуп:

Аккула Манас аты экен,

Кара жанын өлчөгөн,

Кас тулпарын мингизген,

Ашкере чыккан март экен

Аккүбө Манас тону экен.

Азыркысын сүйүнүп,

Мага кылган жолу экен.

Аккелте Манас мүлкү экен,

Байкаап турсам, Сарала ат

Мага ылайык жылкы экен (Сагымбай Орозбаков, 2. 321),— деп Манас баатырдын буюмдарын кайрып берип, өзүнө ылайыктууларын гана алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4