Кан токтотуучу дарылар

Википедия дан

Кан токтотуучу дарылар - канагууну басуучу каражаттар.

Жергиликтүү жана жалпы (сиңгенден кийин) таасир берүүчү дарылар болуп бөлүнөт. Жергиликтүү Кан токтотуучу дарыларга куруштуруучу заттар, кан тамырды тарытуучу дарылар, кан уюуну күчөтүүчү каражаттар (тромбин, кан токтотуучу губка) кирет. Алар негизинен эң майда кан тамырлар канаганда же операция жасоодо кан агууну токтотуш үчүн (адреналин, тромбин жана башка) колдонулат. Жалпы (сиңгенден кийин таасир берүүчү) дарыларга викасол (к. Витамин препараттары), кальций туздары (кальций глюконаты, кальций хдориди), ошондой эле түрдүү дары өсүмдүктөрдүн (суу калемпири, калина, чалкан, каз таңдай, арника, ак тикен жана башка) препараттары кирет. Негизинен булар жатындан жана геморрой түйүндөрүнөн кан акканда колдонулат. Кан токтотуучу дарылар врачтын сунушу боюнча гана берилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8