Каптал кырка тоосу

Википедия дан

Каптал кырка тоосу – Чоң Кавказ тоо тармагына кирет. Башкы же Суу-Бөлгүч кырка тоосунун түндүгүндө ага жарыш жатат. Чөкмө, кристаллдык жана чополуу сланец, гранит тектеринен турат. Каптал кырка тоосунда эң бийик чокулар – Эльбрус (бийиктиги 5642 м), Дыхтау (5203 м), Казбек (5033 м), Тебулосмта (4493 м) жана башка жайгашкан. Аскалуу кооз кырларына рельефтин альп тибиндеги формалары, нивалдык жана гляциалдыкнивалдык ландшафттар мүнөздүү. Капталдарын ийне жалбырактуу токой, альп жана субальп шалбаалары ээлейт. Мөңгүлүү. Табигый ландшафттары Кавказ, Кабарда-Балкар, Казбеги, Түндүк Осетин жана башка коруктарда, Эльбрус этеги улуттук табият паркында корголот. Тоо-лыжа спортунун, альпинизмдин жана туризмдин борбору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]