Капуста көпөлөгү

Википедия дан
Капуста көпөлөгү.

Капуста көпөлөгү (лат. Barathra brassicae, syn. Mamestra brassicae) - шайтан көпөлөктөр тукумундагы түр.

Канатынын жазылган. уз. 50 мм. Курту көк жашыл, жашыл же күрөң, уз. 50 мм. Европа, Азияга (Кавказ, Сибирь, Орто Азия) тараган. Кайчы гүлдүү өсүмдүккө, бөтөнчө капуста, күн карама, тамеки, кызылча, буурчак, пиязга зыян келтирет. Куурчакчасы топуракта кыштайт. Көпөлөк май - июнда учуп, жалбыракка 10-15тен сирке таштайт. Күрөшүү чарасы: жерди терең тоңдурмалоо; өсүмдүккө инсектицид чачуу ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.