Капуста чымындары

Википедия дан

Капуста чымындары - курт-кумурсканын кадимки чымын тукумундагы 2 түрүнүн: жазгы жана жайкы Капуста чымындарынын жалпы аты.

Алар - капуста менен башка кайчы гүлдүү өсүмдүктүн коркунучтуу зыянкечи. Жазгы Капуста чымындарынын уз. 6-6,6 мм. Эркеги бозомук, жонунда 3, курсагында узата кара жик болот. Ургаачысы чоң. Европа, Азия, Түндүк Америкага жана Азияга кеңири таралган. Куурчакчасы топуракта кыштап, чымын болуп апрель - июнда учат. Сиркесин өсүмдүктүн түбүнө таштайт.

Жайкы Капуста чымындары жазгысынан кыйла чоң, канаты саргыч. Чымын июндун башында - июлдун аягында учат. Куурчакчасы топур акта кыштайт. Капустанын түбүндөгү топурактын алдына сиркелейт. Капуста чымындары зыян келтирген капуста начар өсүп, түшүмү аз болот.

Күрөш чарасы: жерди терең тоңдурмалоо; капуста көчөтүн инсектицид аралаш топурактуу карапада өстүрүү; жакшы, таза көчөттү эрте тигүү ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.