Карабак целестин кени

Википедия дан

Карабак целестин кени Баткен районунда, Баткен кыштагынан 8 км түндүк-чыгышта, деңиз деңгээлинен 800–890 м бийиктикте. 1959-ж. чалгындалган. Целестин рудасы жогорку бор мезгилиндеги кумдук жана чопо тектеринин арасында жатат. Руда тулкусу 1609 мге созулуп жаткан жана калыңдыгы 0,15–1,15 м болгон 4 катмарчадан турат. Кен эки типтеги рудадан–желвак жана чачыранды түрүндө кездешет. Биринчи типтеги рудада целестиндин өлчөмү 66,3%, экинчисинде – 2,66% түзөт. Руда тулкусундагы целестиндин орточо өлчөмү 6,15%. Технологиялык изилдөөлөрдүн негизинде целестиндин өлчөмү 86,7% болгон концентрат чыгышы аныкталган. Целестиндин запасы: В категориясы боюнча – 2,6 миң т; С1 – 20,9 миң т, С2 – 93,7 миң т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]