Карабеков Кадырбек

Википедия дан

Карабеков Кадырбек 1959-жылы 17-сентябрда Сузак районунун Багыш айылында туулган.

  • 1977-жылы У. Абдукаимов атындагы орто мектепти аяктаган.
  • 1977-1979-жылдары Советтик Армиянын катарында Польша Эл Республикасында кызмат өтөгөн.
  • Алгач эмгек жолун "Дружба" совхозунда жумушчу болуп иштеп баштаган.
  • 1982-жылы Ош шаарындагы Соода техникумун аяктап, техникумдун жолдомосу менен Көк-Жаңгак шаарында 1994-жылга чейин сатуучу, дүкөн башчысы болуп эмгектенген.
  • Ошол жылдары Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин экономика факультетин аяктаган.
  • 1994-1995-жылдары Жалал- Абад шаарындагы тамеки фермантациялоочу заводдо,
  • 1997-жылдан бери Сузак Көк-Арт РЭСде кампачы, Жалал-Абад Электродо борбордук кампасында башчы, ОМТС кызматында башчы, азыркы күндө каржылоо бөлүмүндө эмгектенет.
  • 2005-2010-жылы Багыш айылдык кеңешине депутат болуп шайланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3