Карабук суусу

Википедия дан

Карабук суусу, Ийри-Суу – Нарын дарыясынын сол куймасы. Ак-Талаа районунун аймагы менен агат.

Узундугу 55 км, алабынын аянты 418 км2. Ойнок-Жар тоосунун түндүк капталынан Миң-Булак деген ат менен башталып, капчыгайлуу өрөөн менен түндүк-чыгышты карай агат. Ийри-Суу менен кошулгандан кийин Байбиче тоосун кесип өтүп, Нарынга сол жактан куят. Эң көп чыгымы июнь-июлда, азы ноябрь-декабрда байкалат. Негизинен кар жана булак сууларынан куралат. Ири куймасы Сары-Коо. Жылдык Орточо чыгымы 0,7-1,3 м3/сек. Өрөөнүндө Жаңы-Тилек кыштагы жайгашкан. Сугатка пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]