Карабуура, капчыгайы

Википедия дан
Аталышы Карабуура капчыгайы
[[File:|thumb|center|200px]]
Жалпы маалымат
Жайгашкан жери Талас областы
Узундугу 60 км
Терең жери 3 км
Деңиз денгээлинен бийиктиги 3000 м

Карабуура, капчыгайы - Талас Ала-Тоосунун түндүгүнүн капталында, Карабуура (Таластын оң куймасы) суусунун алабында узундугу 60 км, эң жазык жери 2–3 км, кууш жери 0,5– 1 км. Таманынын ооз тарабы 1400 м, төрү 3000 м бийиктикте жайгашкан. Капчыгай суу эрозиясынын натыйжасында пайда болуп, V сымал. Таманы Шилбилүү суусунун чатына чейин төртүнчүлүк мезгилдин борпоң тектерине толгон. Гранит, гранит диорит интрузия тектеринен турган капчыгайдын бийик бөлүгү терең тилмеленген. Кургак талаа жана талаа, сейрек арча-бадалдуу шалбаалуу талаа ландшафты басымдуу. Капчыгай аркылуу Талас жана Чаткал өрөөндөрүн туташтырган автоунаа жолу өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]