Каравелла

Википедия дан

Каравелла (итал. caravella) – бир палубалуу, бийик борттуу, маңдайкы жана арткы бөлүгүндө курулмалары бар парустуу деңиз кемеси. 13–17-кылымдарда Жер ортолук деңизиндеги өлкөлөрдө (Италия, Испания жана Португалия) соода жүргүзүү үчүн кеңири колдонулган. Каравелла 3–4 мачталуу жана эки алдыңкы мачталары түз парустуу, ал эми арткы (бизань) мачтасы латын парусунан турат. Латын парусунун түз парустан айырмасы – мачтага тик эмес, кеменин огуна жарыш жайгашкан. Мындай кеме менен 1442-жылы Христофор Колумб Атлантика океаны аркылуу сүзүп өткөн, 1498-жылы Васко да Гамма Европадан Индияга саякат жасаган. Ал эми Фердинандо Магеллан 1922-жылы Жерди айланып чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]