Караимдер

Википедия дан

Караимдер - өздөрүн карайлар, караиттер деп аташкан түрк тилдүү этнос. Түрк тилдеринин генеалогиялык жиктешүүсүндө кыпчак тобунун кыпчак-половец бутагында сүйлөшөт. Карайым тили карачай, балкар, кумук, крым татар тилдерине жакын. Еврей монотеисттик иудаизм дининин өзгөчө багытын тутунушат. Караимдердин этностук пайдубалын иудаизм дининдеги түрк тилдүү хазарлар, негизгиси кыпчактар түзүшкөн. Айрым адабияттарда диний ишенимди Крым жарым аралында кабыл алышкандыгы жазылып жүрөт. «Караим» байыркы еврей тилинде (иврит) «Библиянын мыйзамдарын гана окуп билгендер» деген мааниде которулат.

Караимдердин жалпы саны 15 миңдей. Анын ичинде Крым, Литва, Польшада 3 миңдей, Израилде 12 миң караим жашашат. Караимдердин бир бөлүгү 14-к. Литва князы Гедиминас тарабынан Крымдан Тракайга көчүрүлгөн. Жер иштетүүчүлүк, мал чарбачылык, кол өнөрчүлүк, соода менен кесиптенишет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]