Каракалпак талаасы
Көрүнүш
Каракалпак талаасы, Жазыжавагл талаасы Фергана ойдуңунун Борбордук бөлүгү. Анжиян облусунун аймагында. Кумай, чопо, кум, жумуру таш тектеринен түзүлүп, жеринин бетин шорлуу жана саздуу жерлер ээлейт; такырлар жана кум дөбөлөрү кездешет. Баялыш, сарсазан, ажырык (шор жерлерде), шыбак, эфемерлер, терек, балгын (кумдуу жерлерде) өсөт. Негизинен жайыт катары пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9