Каракол музыкалык окуу жайы
Көрүнүш
Каракол музыкалык окуу жайы Ы. Туманов атындагы – 1976-жылы ачылган. Окуу жайынан фортепьяно, элдик кылдуу чертме, тартма, үйлөмө, урма аспаптар, ырдоо, хор дирижёру, музыканын теориясы, эстрада боюнча адистикке ээ болушат. 1994-жылы Ы. Тумановдун ысмы берилген. Окуу жайын бүткөндөрдүн көбү Кыргыз улуттук консерваториясынан, Б. Бейшеналиева атындагы КМИИден окуусун улантат .Окуу жайы ачылгандан бери 1 миң 500дөн ашуун өнөрпоз бүтүрдү (2008), анын ичинде Кыргыз Республикасынын эл артисти Т. Жакшылыков, артисттер Д. Акулова, Р. Абдувалиева, Н. Орозалиева, У. Тилегенов, Кеңеш уулу Эрдик, Т. Керимбеков жана башка бар. Окуу жайынын алдында хор, эл аспаптар оркестри, фольклордук жана башка ансамблдер уюшулган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9