Каракорум

Википедия дан
Каракорум (2007).

Каракорум (монг. Хархорум) – байыркы монгол мамлекетинин борбор шаары. Орхон дарыясынын баш жагында жайгашкан. 1220-жылы Чыңгыз хан негиздеген. 1260-жылга чейин империянын борбору болгон. Моңгол хандарынын өз ара чабышынан көп жолу кыйраган. Юань династиясы кулаган (1380) соң, шаар катуу бүлүнгөн. 16-кылымда ээн калган. Кара-Корумдун жайгашкан жерин 1889-жылы Н. М. Ядринцев аныктаган. Академик В. В. Радлов жетектеген экспедиция шаардын планын алгач кагазга түшүргөн. 1948–49-жылдары СССР Илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү С. В. Киселёв башкарган советтик-моңголдук, 2000-жылдан моңголдук-германиялык экспедиция казуу жумуштарын жүргүзгөн. Угэдэйдин ак сарайынын калдыктары жана башка сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.