Каракулжа минералдуу суусу

Википедия дан

Каракулжа минералдуу суусу - дарыланууга жана ичүүгө жарамдуу муздак суу булагы. Ош облусунун Каракулжа районунда, Каракулжа суусунун оң жак өйзүндө, Музтор жана Уйгум сууларынын аралыгында деңиз деңгээли 2700-2900м бийиктикте. Булак жергиликтүү элге илгертен белгилүү. 1953-жылы геологиялык маалымат берилген. Кен аймагын карбон мезгилинде пайда болгон кумдук, сланец, акиташ теги түзөт. Бул тектер бүктөлүүгө дуушарларына ийри антиклиналдык түзүлүштү пайда кылган. Булак антклиналдык бүктөлүштүн түндүк канаатындагы тектоникалык жаракадан агып чыгат. Суу тунук, көмүр кычкыл газдуу, мала туз даамдалат. Дебити 1 л/сек. Ичеги-карын ооруларын сууну ичүү жолдору менен даарыланса болот.