Карамоджонг

Википедия дан

Карамоджонг (карамоджо, каримоджонг, нгикарамоджонг) — Угандадагы нилот эли. Карамоджонг эли Түндүк аймагынын чыгышындагы Карамоджо этникалык субрегиондо жашайт.
Саны 258 миң адам (2002).

Карамоджонг

Карамоджонг аялы
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 258 миң адам (2002)
 Уганда

Тили

карамоджонг

Дини

жергиликтүү салттуу ишенимдери

Расалык тиби

негроид

Кирет

нилоттор

Тууган элдер

тесо, туркана

Карамоджонг тоолор менен курчалган платодо жашашат. Ноябрда кургак мезгил башталат: жамгыр токтойт, катуу шамал болуп, жер бетинде дээрлик суу жок.

Карамоджонг тесо, туркана жана додос элдерине жакын.


Тил

Карамоджонг тили Нил-сахара макробүлөсүндөгү чыгыш судан бутагына кирет.

Дин

Көпчүлүк жергиликтүү салттуу ишенимдерди (Акуджага сыйынышат, жаан чакыруу, ак жана кара магия) карманышат.

Чарбалык иштер

Эркектердин салттуу кесиби малчылык (ири мүйүздүү мал), аялдардын — кол менен иштетилген жер чарбасы.

Кол өнөрчүлүк

Кол өнөрчүлүктөрдөн тери иштеттүү жана сөөктөн жасалгаларды жасоо өнүккөн.

Кийим

Карамоджонг кийимдеринен охра менен боёлгон булгаары белдемчи кийишет, мончок менен кооздолгон көптөгөн металл жасалгалары. Баш кийим төө куштун жүнүнөн тигилет. Сизаль жипчелери чач жасалгасына токулуп, чачтар охра менен боёлот. Эркектер сөйкө тагынышкан, астыңкы эриндин астына зер буюмдар үчүн тешиктер жасалган.

Тамак-аш

Таруу ботко, сүт кандын кошулмасы менен, эт.

Турак жай

Конуш крааль тибинде. Чопо менен бекитилген таяктан жасалган, чөп менен жабылган алачыктар, кире бериш жери чыгып турган жапыз туннель формасында, терезелери жок.

Коом

Коомдук түзүлүш туугандык байланыштардан жана кландык системасынан негизделген. Урууну эң улуу муун жетектейт. Масай системасына жакын патрилинейлик кландар жана курактык класстар бар. Үй-бүлөлөр чоң, патрилокалдык. Көп аялдуулук практикаланат.

Тарых

Антропологдордун айтымында, карамоджонг уруулары 16-кылымда Эфиопиядан көчүп келишкен.
Колониялык мезгилде алар протекторатка мал менен камсыз кылуучу болуп калышты. 19-кылымдын аягынан баштап пилдин сөөгүн соодалоого катышкан.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://etnolog.ru/people.php?id=KARM