Тесо (эл)

Википедия дан

Тесо (же Итесо) — нилоттук топтун элдеринин бири, негизинен Угандада, Кенияда жана Түштүк Суданда жашайт.
Жалпы саны 3,8 млн ашык адам.

Тесо

Тесо элинин кепеси
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 3,8 млн адам
 Уганда — 3,3 млн (2016ж.)
 Кения — 338,3 миң (2009ж.)
 Түштүк Судан — 100 миң

Тили

тесо

Дини

Жергиликтүү салттуу ишенимдери

Расалык тиби

негроид

Кирет

нилоттор

Тил

Тесо тили Нил-сахара макробүлөсүнүн Кир-абба уясынын курамындагы нилот тобуна кирет. Тесо тили ньянгея, ором, локатан диалектелирине бөлүнөт.

Дин

Көпчүлүк жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат (ата-бабалар жана жаратылыш күчтөр культу).
Калгандары — христиандар.

Чарбалык иштер

Негизги кесиби — кол менен иштетилген жер чарба (сорго, элевсина, пахта, батат) жана малчылык.

Тамак-аш

Салттуу тамак - жашылча. Эт сейрек желет.

Турак жай

Тесо элинин отурукташкан жери крааль деп аталат. Крааль — чөптүү боо чатыры бар туулга түрүндөгү алачыктар менен курчалган аянтча.

Салттуу кийим

Салттуу кийими — бул булгаарыдан жасалган кур, көп сандаган кабык жана жез жасалгалары. Адатта, тесо эли эки астыңкы алдыңкы тиштерин узартышкан. Аялдар өздөрүн татаал татуировкалар менен кооздошот.

Коом

Уруучулук уюм жана жаштык класстар тесо элинин салттуу социалдык бөлүнүшү болуп саналат. Чоң, патриархалдык, көп аялдык, патрилинейлик үй-бүлө менен мүнөздөлөт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]