Карасук маданияты

Википедия дан

Карасук маданияты. Биздин заманга чейин 1-миң жылдыктын башынан бери тарта Минусин талааларынын Минусин крайынын Батеней кыштагынын аймагындагы Карасук суусунун аты менен аталган Карасук тибиндеги эстеликтер аркылуу карасук маданияты аныкталган. Карасук маданиятынын мурдагы маданияттан өсүп чыкканы бейит үстүндөгү топурактын конструкциясынан жана бейиттин казанагынын ички беттерин бекемдөө ыгынан ачык көрүнүп турат; ырас, мында казанактын өз өзгөчөлүгү бар, мисалы, бейит тикесинен жерге киргизилип коюлган таш такталар менен курчалган. Карасук тибиндеги бейитте, эреже катарында, бир эле өлүк коюлган жана андронов маданиятына мүнөздүү буюм-тайымдар учурайт. Бирок, буюм-тайымдар мурдагылардан алда канча өркүндөтүлгөн ык менен иштелип, жакшы жасалган. Түбү томпогой, шар түрүндөгү идиштер бир кыйла чебер иштелип, жакшы бышырылган. Сырткы бети жылтырак келип, кээде боёлуп, идиштин жогорку жагына геометриялык ар түрдүү оймо-чиймелер түшүрүлгөн. Карасук тибиндеги идиштердин формаларынын ар түрдүүлүгү жана жасалгаланышынын мүнөзү устанын өтө чеберчилигинен, мүмкүн ал али үй-бүлөсүнүн керектөөлөрү үчүн болсо да, атайын идиш кол өнөрчүлүгү менен кесиптенгенинен кабар берип турганы шексиз. Колодон буюм жасоодогу чеберчилик да кол өнөрчүлүк мүнөзгө ээ болуп калган; муну ар түрдүү керектөөлөргө арналган жана аткаруу ыгы да ар башка болгон буюмдардын формаларынын өтө көптүгү далилдеп турат. Мында бычактардын формаларынын ар түрдүүлүгү өзгөчө орун ээлейт. Көп учурларда бычактардын саптарын кооздогон тотем жаныбарлардын фигуралары да колодон буюм жасоо ыгынын бир кыйла өркүндөгөнүнөн кабар берет. Бул кооздоолор аркылуу адамдар курал-жарактарга өзгөчө сыйкырдуу күч берүүгө умтулушкан. Малды эт тамак-ашы үчүн гана эмес, сүт алуу үчүн да пайдалануу карасуктардын чарбасынын өнүгүшүнүн өзгөчө маанилүү этабы болуп саналат. Эт үчүн негизинен кой пайдаланылган (бейиттерде жалаң койдун сөөктөрү учурайт), кыязы саан уйду сакташкан, өлгөн адамдарды коюуда союшкан эмес. Кой багып, өстүрүү адалдардын эң башкы кесиби болуу менен бирге, кой культ жаныбарына да айланган, бул кочкордун таштан чегип жасалган сүрөтүнүн табылышы менен далилденип турат; койдун культу менен күн культу көп учурда айкалыштыра сүрөттөлүп, жердеги бүткүл жашоо-турмуштун булагы катарында түшүнүлгөн. Адамзаттын түпкү энеси — аялдын образы да культка айланып, таш айкелдерде алардын (тула бою же көөдөн жагынын) сүрөтү чегиле баштаганы байкалат. Малды сүт алуу үчүн пайдалануу да аялдар тарабынан ачылса керек. Сүт саап алуу үчүн малдын желинине окшотуп жасалган идиштердин Минусин талааларында пайда болгону да кокустук эместир. Ушундай типтеги идиштерди пайдалануу малдан эң алгачкы ирет сүт саап ала баштоого байланышкан магиялык мүнөзгө ээ экени шексиз. Балдарына эмчек эмизген аялдар малдын сүтүн да адамдардын тамак-ашы үчүн пайдаланууну биринчи болуп баамдашса керек. Аял эң алгачкы саанчы болгон жана сүт чарбасынын бардык аксессуарлары аял менен байланышта келип чыккан, бирок алгачкы мезгилдерде сүт саап алуу ачыктан-ачык эле магиялык мүнөзгө ээ болгон сыяктанат. Эт жана сүт тамак-аштарынын мол болушу, жалпы эле чарбанын өнүгүшү калктын санынын көбөйүшүнө жана алардын тыгыз отурукташып жашоосуна оңтойлуу шарт түзгөн. Буга, баарынан мурда, карасуктардын көп сандаган жана чогуу бир жайга коюлган урук-уруулук көрүстөндөрү далил болуп турат. Ал көрүстөндөрдүн ичинен археологдор уй-бүлөлүк бөлүнүштөргө ылайык келген айрым, жеке конструкцияларды ачык бөлүп көрсөтүшөт. Ар бири өз алдынча болгон патриархалдык үй- бүлөнүн ролунун жана менчигинин чыңдалышына жараша тамга — менчик белгиси пайда болгон. Карасук маданиятынын өзгөчөлүгү анын Минусин талааларынын аймагы менен гана чектелип тургандыгында. Изилденип чыккан бир эле бейит, анын да борбордук Казахстандын (Караганды облусу, Шерубай-Нура суусунун боюндагы Дандыбай айылы) маданиятынын өз алдынча жергиликтүү өзгөчөлүгү бар болсо да, бул жобону ырастап турат. Минусиндеги Карасук маданиятына алда канча жакын болгон Обь менен Томскинин жогорку тарабынан табылган окшош эстеликтердин жергиликтүү айырмачылыктары дапдаана көрүнүп тургандыктан, археологдорго бул эстеликтерди Карасук маданиятынын (жогорку Обь жана Томск) өзгөчөлүү варианты деп бөлүп көрсөтүүгө мүмкүндүк берген. Карасук тибиндеги буюмдардын батышта, Томскиден ары эмес, чыгышта, түштүктө, Тува Республикасында, Селенга дарыясынын алабында жана Кытайда жолукканы кокусунан эмес. Атап айтсак, карасуктун муунактуу бычагы кытайдын муунактуу бычак түрүндөгү тыйынынан келип чыккан. Андроновдук уруулар союзунун ыдырашынын жана карасук маданиятынын чыгыш тарапка «багыт» алышынын себептерин азыркы учурда түшүндүрүү кыйын. Калыбы, бул жазуусу болбогон мезгилге таандык материалдардан мунун себептерин табуу анчалык жеңил эмес сыяктуу. Бирок б.з.ч III к. үчүн Түштүк Сибирь менен Борбор Азиянын ортосундагы ачык байкалып турган байланыштар кокустан пайда болбогону шек туудурбайт, анткени алардын ортосунда б.з.ч. 1000 жылдыктан мурда эле алгачкы таанышуу мезгили (мүмкүн алмашуу иретиндедир) болуп өткөн.