Каратабылгыты шаар чалдыбары

Википедия дан

Каратабылгыты шаар чалдыбары - 6-8-кылымдарга таандык шаар калдыгы.

Нарын дарыясынын Тогузтородон Кетментөбөгө бурулуп аккан жериндеги Каратабылгыты деген секиде. Ал төрт бурч формасында; дубалдарынын узундугу 200 м. Батыш жана чыгыш дубалдарында эшиктин болгондугу, ал эми түндүк жана түштүк тарабында дарбазанын орду байкалат.

Дубалдары бийик мунаралар менен бекемделген. Чалдыбардан түрк элдеринин карапаларына түспөлдөш Kapana сыныктары, идиштер табылган. Бурчтарындагы негизги мунараларды эсептебегенде түндүк жана түштүк дубалдарында 7ден, чыгыш жана батыш дубалдарында 8ден мунара болгон.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5