Каратоко

Википедия дан

КаратокоЧаткал кырка тоосунун түндүк-чыгышында, Чаткал суусунун баш жагында жайгашкан бийик тоолуу аймак,кооз жер. Каратоко (Чаткалдын куймасы) суусунун алабын бүт ээлейт. Эң жапыз жери Чаткал суусунун бою, Каратоко суусунун чаты (Жеркөпүрө 2380 м),эң бийик жери 4200–4367м (Чаткал кырка тоосунун кыры). Аймагына капчыгай,тепши сымал өрөөн,төр,ар түрдүү багыттагы тоо, аска, эшилме корум таштар, кар мөңгүлүү чокулар ж.б. мүнөздүү. Аймактын алгачкы турпаты палеозой заманында,өзгөчө герцинде пайда болгон. Акиташ тектери басымдуу. Фергана–Атойнок тектондук зонасына кирет. 1946-ж. катуу жер титирөө болгон.

Каратоко суусунун узундугу 24км; куймалары Ишенкул, Чарыксалды, Көктумшук, Өгүз жайлоо ж.б.(алардын эң узуну 11км). Мында мөңгү аракетинен пайда болгон 20дай майда, бийик тоолуу көл бар.Айрымдары агымы жок туюк көрүнөт. Алар суу байламтасынын арасы менен сарыгып агат. Эң ириси Каратоко (Дубана) көлү, анын аянты 1,1км2, көлөмү 49млн м3 2876 м бийикте жайгашкан. Түркүн чөптүү талаа, шалбаалуу талааларда бетеге, аккылкан, шыбак дүйүм чөптөр ж.б. өсөт. Каратоко суусунун өрөөнүндө,капчыгайларда көк карагай, арча (тоо боорунда жапалак арча), кайың, ар түрдүү бадалдар басымдуу. Бийик тоолуу бөлүгүндө субальп, альп шалбаасы, нивалдык-гляциалдык ландшафттар мүнөздүү.

Каратоконун черлери, айрым көлдөрү, тоо ландшафттары ажайып кооз, корук болууга ылайык. Адабияттарда Каратеке деп да аталат. Бул жерге жыл сайын көптөгөн туристтер келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]